Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун атынан жасалган билдирүүдө айтылат. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ХАМАСтын сүргүндөгү жолбашчысы Халед Мешаал менен ишемби күнү Сирия борбору Дамаскта жолуккан эле. Жолугушуудан соң орус телесине берген интервьюсунда Лавров ХАМАС быйыл январда Газа секторуна жасалган чабуулдан кийин көбүрөөк реалдуулукка ыктай баштаганын белгиледи. Орусия - Жакынкы Чыгыш боюнча ортомчулардын төртилик тобунун Хамас менен мамиле кармаган жалгыз мүчөсү жана быйыл жөөт –палестин чатагын жөнгө салуу боюнча Москвада конференция өткөрүүнү көздөөдө.