Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Б. Бешимов: БШК ишине жоопкерсиз мамиле жасап жатат


Ушундай оюн чагылдырган билдирүүнү бүгүн СДПнын парламенттеги фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов таратты. Ички Иштер Министрлиги менен Мамлекеттик Коопсуздук Комитети шайлоо алдындагы өнөктүккө күжүрмөн аралашып жатат деген саясатчы БШКдан тартип коргоо органдарынын ордун жана чегин аныктоону сураган. “Бирок БШК ал биздин иш эмес деп жооп берип жатат” деп айтылат билдирүүдө. Анда ошондой эле БШКга “биз шайлоо мыйзамдарын мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик массалык түрдө бузуп жаткандыгы жөнүндө такай билдирип атабыз. Бирок БШК мыйзам бузуулар боюнча чукул чара колдонуунун ордуна куруу жооп менен алектенүүдө” деп айтылат. Шайлоо комиссиялары өз кезегинде президенттик шайлоого камылгаларда мыйзамсыздыкка жол бербей тургандыгын белгилешүүдө.
Белгилеп койчу жагы учурда президенттикке талапкер болууну каалаган 16 жаран кол тамгаларды топтоо иштерин жүргүзүүдө. Алардын катарында Бакыт Бешимов фракциясын жетектеген Социал-Демократтар партиясынын лидери да бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG