Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:43

Түп райондук администрациясы БЭКктин курултай өткөрүүсүнө каршы


Мындай билдирүүнү аталган райондун жетекчилигинен “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка караганда, 25-майдагы "Азаттык" үн алгысынын таңкы берүүсүндө 31-майда Түп районунун Түп айылындагы аянтта, ачык асмандын алдында «Бириккен элдик кыймылынын» Ысык-Көл облустук штабы 4-курултайын өткөрүүгө уруксаат берилди деген маалыматы боюнча Түп райондук мамлекеттик админстрациясы каршы экендигин билдирген. Анда, 21-майда БЭКтин Ысыккөл облустук штабы 31-майда Түп районунда Балбай баатырдын эстелигинде эскерүү өткөрүү туурасында райондун акиминин атына жазылган билдирүүнү Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-июнунда кабыл алынган «Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө» мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзамынын талаптары так сакталбагандыктан 2009-жылдын 31-майда убактысы көргөзүлбөгөн Ысык-Көл областык «Бириккен элдик кыймылынын» Асанбек Сарыбаев жетектеген штабынын курултайынын программасындагы Балбай баатырдын эстелигине эскерүү аземин өткөрүүгө Түп райондук мамлекеттик админстрациясы уруксаат берген эмес,-деп жазылган. Ал эми БЭКтин штабынан болсо 31-майда Түптө элдик курултай өткөрүүгө уруксат берлигенин “Азаттыктын “ кабарчысына кабарлашкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG