Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Д. Кабак: Ноокат боюнча соттолгондор акталган жок

“Ачык позиция” коомдук фондунун башчысы Дмитрий Кабак таратып, анда Ноокат окуясы боюнча соттолгондорду Жогорку Сот актады деген айрым басма сөз каражаттарынын билдирүүлөрүн төгүндөдү. Кабактын билдиргенине караганда Жогорку Сот Ноокат окуясы боюнча соттолгондор боюнча Кылмыш Кодексинин эки беренеси гана далилденген эмес. Алар - жашы жете элек балдарды кылмышка тартуу, мүлккө атайылап зыян келтирүү жөнүндөгү беренелер. Мындан тышкары эки аялдын жазасы 7 жылга, мурдагы жашы жете элек үч өспүрүмдүн жазасы беш жылга чейин түшүрүлдү.
Жогорку Соттун кароосунан кийин соттолгондордун жазасы мурдагыдай 9 жылдан 20 жылга чейин эмес, 5 жылдан 17 жылга чейин болуп калды. Мындай тыянакка укук коргоочулар тынчсыздануусун билдиришкен.
Өткөн аптада Жогорку Сот Ноокат окуясы боюнча соттолгон 32 кишинин 22синин арызын караган. Айрым маалымат каражаттарында Ноокат окуясы боюнча соттолгондор акталды деген маалымат тараган. (BuS)
XS
SM
MD
LG