Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:30

А.Атамбаев Ноокат окуясы боюнча билдирүү таратты


Анда Жогорку Соттун соттук коллегиясынын Ноокат окуялары боюнча 19-май күнү чыгарган чечими өкүмзордук жана мыйзамсыздыктын анык далили болуп калгандыгын белгилеген. Жогорку Сотто мамлекеттик айыптоочу Башкы прокуратуранын прокурору Жорокул Кубатовдун “Аллах Акбар” деген сөз Кыргыз Республикасында криминалдык сөз болуп саналып, автоматтык түрдө мамлекеттик түзүлүшкө кол салуу маанисин түшүндүрөт, дегени таңкалычтуу экендигин айткан. А.Атамбаев “Аллах” деген сөз арабчадан которгондо “Кудай”, “Акбар” деген сөз “улуу” дегенди түшүндүрөрүн эскертип, Жогорку Соттун чечими динге ишенген жарандардын мыйзамдын үстөмдүгүнө, мамлекеттин адиледттүүлүгүнө ишенимин бир отоло жокко чыгарганын билдирген. “Укук коргоо органдарынын митингдин катышуучуларын уруп-соккону, орой мамилеси, массалык түрдө камакка алышы, жалган жалаа менен күнөө коюлуп, адилетсиз чечим чыгарылышы бул бийлик өлкөдө полициялык режим орнотууга аракет жасап жатканынын дагы бир далили болуп саналат”,-деп айтылат билдирүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG