Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:24

Президенттик кызматка атаандаш 14 талапкер калды


Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отрумунда айтылды. Маалыматка караганда, президенттикке талапкерлигин көрсөтүп арыз берген Өмүрбек Бөлтүрүковдун шайлоо кору ачылбагандыгына байланыштуу БШК аны каттоодон баш тартты. Жумушчу топ Бөлтүрүковго беш күндүн аралыгында шайлоо корун ачууну, паспорттун көчүрмөсүн, иштеген жана жашаган жеринен маалымадаманы жана башка документтерди алып келүүнү эскерткен. Бирок талапкер ал шарттарды аткарган эмес. БШКнын маалымдашынча 14 талапкердин ичинен үчөө өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындай элек. Алар; Азамат Уламаев, Бакыт Керимбеков, Жаныбек Сүйүналиев. Ал эми талапкерлер Нурлан Мотуевдин эки, Аскарбек Абышевдин төрт ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКдан каттоодон өттү. (AJ)

XS
SM
MD
LG