Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

А.Жекшенкуловдун соту башталат


Бүгүн Биринчи Май райондук соту “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловго ачылган эки кылмыш ишин карай баштайт. Жекшенкуловдун адвокаты Асел Аргымбаеванын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, сот жараянына эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат. Аргымбаева менен Нина Зотова буга чейин Жекшенкуловдун тапанчасын Москвадан соттук-баллистикалык экспертизадан өткөрүүнү сотто талап кылышаарын, себеби Ички иштер министрлиги жүргүзгөн экспертизага ишенбей тургандыктарын билдиришкен. Ички иштер министрлиги болсо кечээ мындай билдирүүгө негиз жок деп четке кагып, экспертиза адвокаттардын катышуусу менен жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Аликбек Жекшенкуловго Тышкы иштер министрлигинин имаратын ремонттоодо мамлекетке зыян келтирген жана анын сыйлыкка алган тапанчасынан 2007-жылы Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген кине менен эки кылмыш иши ачылган.Оппозиция муну саясий куугунтук деп баалаган.(BD)

XS
SM
MD
LG