Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Шаардык сот Э.Бөлөкбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын карайт


Бүгүн Бишкек шаардык соту “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин жактоочуларынын көзөмөл арызын карайт. Бөлөкбаев 27-апрелде Петровка чатагы учурунда “массалык башаламандык уюштурду”, “улуттар аралык араздашууну козутту” деген кине менен камакка алынып, эки айлык абакка кесилген. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен жактоочулары шаардык сотко кайрылышкан. Бөлөкбаевдин жактоочусу Асел Аргымбаеванын билдирүүсү боюнча, өткөн жылы “президент Курманбек Бакиевди шылдыңдады” деген кине менен ачылган кылмыш ишин шаардык сот 28-майда карайт.(BD)

XS
SM
MD
LG