Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

ИИМ АКШнын Мамдепартаментинин маалыматына макул эмес


АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Хизбут-тахрир” уюмунун мүчөлөрүнүн саны тууралуу маалыматы негизсиз. Мындай билдирүүнү кечээ Кыргызстандын Ички иштер министрлиги таратты. Анда АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2006-2008-жылдар аралыгында “Хизбут-тахрир” уюмунун мүчөлөрүнүн саны 5 миңден 15 миңге өстү деген маалыматын четке кагып, тескерисинче азайгандыгы айтылат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2007-жылы бул уюмдун 2048, өткөн жылы 1833, быйыл 1630 мүчөсү катталган жана булардын ичинен 118 адам уюмдун ишине катышып, калгандары колдошот. Министрликтин билдирүүсү боюнча уюм мүчөлөрүнүн санынын азайышына калк арасында түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү таасир берди.(BD)

XS
SM
MD
LG