Түркиянын президенти Абдуллах Гүлдүн расмий иш сапарына байланыштуу Бишкектин айрым жолдору убактылуу кыска мөөнөткө жабылып, жол кыймылына чек коюлат. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкарамалыгынын жетекчиси Болотбек Борбиев кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 26-майда Бишкек -“Манас” абамайданы, Манас проспектиси, Манас менен Жибек жолунун кесилишине чейин, Байтик баатыр көчөсүнүн кээ бир жери убактылуу кыска мөөнөткө жабылып, жол кыймылына чек коюлат. 27-майда жогорудагы көчөлөр сыяктуу Фрунзе менен Ахунбаев көчөсүнө, 28-майда Ата-бейит мемориалдык комплексине жана Ала-Арча жаратылыш багына баруучу жол кыймылдарына чек коюлат. Маалыматтарга караганда Түркиянын президенти Абдуллах Гүллдүн расмий сапары 28-майда аяктайт. (AJ)