Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:48

Иран дүйнөнүн ири өлкөлөрү менен өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт


Бул тууралуу Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад билдирди. Кечээ Тегерандагы маалымат жыйынында Ахмадинежад “өзөктүк программа тууралуу маселе жабык” деп белгилеп, эми мындан ары Иран бул багытта МАГАТЭ өңдүү тийешелүү уюмдар менен гана сүйлөшүүлөргө барарын айтты. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германиянын Иран менен анын өзөктүк программасы боюнча өткөрүп келген сүйлөшүүлөрү былтыр сентябрдан бери токтоп калган. Батыш өлкөлөрү Ирандан өзөктүк программасынан баш тартууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG