Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Сокулукта милиция кызматкерлери 100 чукул адамды күч менен алып кетти


Бул тууралуу Эркин Бөлөкбаевдин тарапкери Азамат атуу жигит “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн эртең менен үч жүзгө чукул адам Сокулуктун борборундагы базардын жанына митингке чыгышкан. Алар Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевди камактан бошотуу талабын коюшуп, Бишкек-Ош жолун 10 минутадай буушкан. Милиция кызматкерлери аларды күч менен таратып жүздөй адамды кармашканда, калганы тарап кетишкен. Ал эми “Жашылдар” партиясынын жаш канатынын лидери Каныбек Сарымсаковдун билдиргенине караганда Беловдск айылында дагы эки жүзгө чукул адам Эркин Бөлөкюаевдин камактан бошотулушун талап кылышып митинг өткөрүшүүдө. Сокулук райондук ички иштер бөлүмү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG