Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:07

“Азаттыктын” эки журналисти Эл аралык конкурста жеңүүчү аталышты


Борбор Азиядагы аялдар, балдар проблемаларын көтөргөн журналисттик мыкты радиоматериалдар үчүн уюштурулган конкурстун жыйынтыгы чыкты. Анда биринчи эки орунду “Азаттыктын” Бишкек кеңсесинин журналисттери Сабыр Абдымомунов жана Кубат Чекиров ээлешти. Конкурстун шарттарына ылайык биринчи орунду ээлегендер Екатеринбург шаарына барып, медиа уюмдар менен жолугушууларга катышат. Ал эми экинчи орунга татыгандарга Marantz фирмасынын радиодиктофону ыйгарылат. Эл аралык конкурсту Би-Би-Синин Дүйнөлүк фонду, Европа Комиссиясы жана Голландия Тышкы иштер министрлиги биргелешип уюштурду. (BuS)

XS
SM
MD
LG