Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Эң чоң өлчөмдө пара берүү мамлекеттик сатып алуу жана сот системасында


Коррупцияга каршы күрөш агенттиги атайын иликтөө жүргүзүп, ири өлчөмдөгү пара алуу мамлекеттик сатып алуу жана сот системасында экенин билдирди. Бул органдарда 1 миллион сомдон ашык пара алуу катталган. Андан кийинки орунда Каржы полициясы турат - 600 миңден ашык сом, андан соң прокуратура менен Ички иштер министрлигинде – 200 миң сом, мамлекеттик каттоодо - 120 миң, бажы кызматында – 100 миң, Салык кызматында – 50 миң сомду түзгөн. Пара берип-алуу көрүнүшү эн көп салык кызматында катталган. Агенттиктин иликтөөсүнө катышкандардын көбү өлкөдө коррупциянын деңгээли өсүп жатканын белгилешкен. (EBM)

XS
SM
MD
LG