Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Башкы прокуратура Петровка боюнча эки кылмыш ишин тергеп бүттү


Башкы прокуратура Петровка айылында төрт жашар кызды зордуктоо жана анын чоң энеси О. Ещенконун өлүмү боюнча иштерди тергеп бүттү. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча петровкалык Абдулла Осмонов аттуу тургунга Кылмыш Кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракет” жасады, 102-берененин 1-бөлүмү боюнча “Өлүмгө жеткирди” деген айыптар тагылды. Кылмыш иши 27-майда Москва райондук сотунун кароосуна жиберилди.
Москва райондук ички иштер кызматынын жооптуу кызматкерлерине байланышкан дагы бир иш аяктоо алдында турат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таратты. Небереси менен чоң энесинин айланасындагы окуя 26-майда Петровка жаңжалынын чыгышына түрткү болгон. Жаңжалга байланыштуу Коопсуздук комитетинин камагында “Жашылдар” партиясынын башчысы Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” уюмунун башчысы Сапар Аргымбаев отурушат. (BuS)

XS
SM
MD
LG