АКШнын президенти Барак Обама Мьянманын бийлигин оппозиция лидери Аун Сан Су Чжини абактан бошотууга үндөдү. 63 жаштагы Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аун Чжи 6 жыл үй камагында кармалган. Жакында эле оппозиция лидери үйүнө америкалык атуулду киргизди деген кине менен камакка алынган. Мьянма бийлигинин аракеттерин АКШ, Евробиримдик, БУУ жана бир катар укук коргоочулар сынга алууда.