Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

Азык-түлүк коопсуздугу колдон чыкканбы?


Ош базарында дайыма эл жык-жыйма
Ош базарында дайыма эл жык-жыйма

Кыргызстанда контрабандалык жол менен Кытайдан ташылган зыяндуу азык-түлүктөр арбын сатылууда. Ушундан улам жергиликтүү адистер улут саламатчылыгы коркунучта деп кабатырланууда. Ал эми шаар тургундары бийликти башаламандыкты тартипке салууга чакырууда

Ош шаарынын тургундары белгилешкендей, эт азыктары, ошондой эле жашылча-жемиштер былтыркыга салыштырмалуу ашкере кымбаттагандыгы байкалууда. Ошону менен катар борбордук базардын булуң-бурчтарында наркы кыйла төмөн продукциялар да сатылууда. Мунун себебин калаа тургуну, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев мындайча түшүндүрдү:

- Кыргызстандын, же Ош облусунун айланасында өскөн мөмө жемиштердин көпчүлүгү бүгүнкү күндө базарда түгөндү. Айла жок Кытайдан келген сапатсыз азык-түлүктөрдү, мөмө жемиштерди эл алганга кызыкдар. Анткени алардын баасы карапайым адамдар сатып алганга ыңгайлуу, арзан.

Төлөгөн Келдибаев жарандарын ушундай аргасыздыкка кептеген Кыргыз Өкмөтүн катуу айыптады. Ошого улай агрардык ресурстарга бай өлкөдө калкты азык-түлүк кризисине кептеген айыл чарба жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын ачыктады.

Маектештерибиздин айтуусунда, наркы арзан азыктардын чыгыш тегин жана сапатын туруктуу көзөмөлдөгөн киши жок. Ошондуктан бардык жерде ачык эле соодаланууда. Базарга түшкөн кардарлардын бири Умсунай Кошоковага микрофон сунганыбызда, кыскача буларга токтолду:

- Адамды алмаштырып атпайбы азыр, мен ишенбейм. Ошон үчүн мен алып атканда сурайм, баары бир Бишкектики деп коет. Мен өзүмдүн неберелерим үчүн коопсузданам. Кытайдан келген тукум, май ж.б. нерселерге печать уруп кое берет, ичи кандай экенин мен билбейм.

Тиешелүү органдар туруктуу көзөмөлдөп турганына карабастан, Кытайдын азык-түлүктөрү Ош аймагына көбүн эсе Алай районундагы Эркеч-Там бажы бекети аркылуу мыйзамсыз ташылат. Жакында эле коңшу мамлекетке таандык 30 миң даана зыяндуу жумуртканы кармоого катышкан мамлекеттик ветеринардык чегара жана транспорт көзөмөлдөө башкармалыгынын Ош аймагы боюнча жетекчиси Өмүрбек Култаев бул туурасында «Азаттыкка» мындай дейт:

- Жумуртканы жеген адам сөзсүз ооруйт. Булар бүгүн, же эртең оорубайт, бир канча жалдан кийин балдарды уруксуздукка алып келет, кыздар төрөбөй калышы мүмкүн. Биздин элибизге өтө залакасын тийгизе турган нерселер. Ошондуктан биздин өкмөтүбүз Кытайдан келген тамак-аштарга, айрыкча балдардын тамак-ашына тыюу салат. Бирок ошого карабастан контрабанда жолу менен өтүп кетип атат.

Кеп учугун улаган Ош аймактык ветеринардык лабораториясынын башчысы Ислам Абдымомунов чет өлкөлөрдүн азык-түлүктөрүндө уулуу зат бар экендигин же жогун аныктоо Кыргызстандын шартында мүмкүн эместигин, көбүнчө Орусияга текшерүүгө жөнөтүшөөрүн маалымдады:

- Кытайдан чыккан жумуртка болсо изилдегенге тыюу салынган. Тамакка пайдаланууга жараксыз деген. Бизге эмне үчүн текшерүүгө уруксат бербейт. Себеби биз меломинди тешере албайбыз, бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча муну текшерүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок, - ветеринардык адис Ислам Абдымомуновдун көз карашында шектүү заттарга тыюу салуу аркылуу улут саламатчылыгы коркунучтан арылбайт. Минткендин ордуна контрабандачыларды тымызын колдогон кызматчыларга карата катаал чара көрүлсө, көбүрөөк натыйжа берээри шексиз.

Жергиликтүү серепчилер Кыргыз Өкмөтү ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү ар тараптуу колдомоюнча, бул маселенин чечилиши кыйындыгын айтышууда. Алардын оюнча, өлкөдө ресурстар жетиштүү, мүмкүнчүлүк толтура. Тилекке каршы, элдин ден соолугу, жеп-ичкен тамагынын коопсуздугу жөнүндө чындап кам көргөн жетекчи жок.

XS
SM
MD
LG