Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:11

Ачкачылык жарыялагандар талабынан кайта элек


Москва районунда ачкачылык жарыялаган сегиз адам акциясын бүгүн да улантышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жашылдар” партиясынын мүчөсү Каныбек Сарымсаков билдирди. Анын айтымында, ачкачылык жарыялагандар талаптары аткарылмайынча акциясын токтотпой тургандыктарын билдирип, район борборуна тигишкен чатырларда отурушат. 26-майда Москва районунун тургундары “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловду, “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди, “Болуш” уюмунун жетекчиси Сапар Аргынбаевди камактан бошотууну талап кылып ачкачылык жарыялашкан. Э.Бөлөкбаев менен С.Аргынбаев Петровка чатагына байланыштуу 27-апрелде, А.Жекшенкулов сыйлыкка алган тапанчасынан түрк ишкери атылган деген шек менен жана министр кезинде мамлекетке материалдык зыян келтирген деген кине менен камакка алынган.(BD)

XS
SM
MD
LG