Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Чемпиондор лигасынын кубогун “Барселона” утуп алды

Европанын футбол боюнча эң абройлуу мелдешинин финалдык оюну кечээ түнү Римде өттү. Испаниянын Каталония жергесинин футболдук клубу катары эсептелген “Барселона” Британиянын “Манчестер Юнайтед” клубун 2:0 эсеби менен жеңди. Муну менен “Барселона” Чемпиондор лигасынын мелдешин үчүнчү ирээт утуп алды. Эгер мелдешти “Манчестер Юнайтед” жеңгенде, ал Европанын Чемпиондор лигасын эки жыл катары менен уткан биринчи клуб болмок.
XS
SM
MD
LG