Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Түркиянын президенти кыргыз парламентинде бир катар маселелерге токтолду


Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Абдуллах Гүл эки өлкө ортосундагы кызматташууга өбөлгө түзгөн негизинен эң мыкты өнүккөн саясий мамиле,түрк тилдүү парламенттер аралык ассамблея, Экономикалык кызматташтык коому, Ислам конференциясынын түзүлүшү, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун түзүлүшү сыяктуу ар тараптуу платформаларда эки тараптуу колдоого алынган бекемделген достук экенин белгиледи. Абдуллах Гүлдүн пикиринде, « Кыргызстан коңшу мамлекеттер сыяктуу мунайзат жана жаратылыш газына бай өлкө болбогону менен, суу байлыктары боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы деген 20 мамлекеттин катарына кирет. БУУ менен Евробирликтин даярдаган отчеттору ааламдык жылуулуктан улам суу маселеси орто мөөнөт ичинде дүйнө жүзү боюнча эң маанилүү маселелердин бири боло тургандыгын көрсөтүп турат». (AJ)

XS
SM
MD
LG