Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:07

Таласта чегирткелер айдоо аянтын талкалап, дыйкандарга оор түйшүк жаратты


Манас районуна караштуу Покровка жана Үч-Коргон айылдарында 200 гектар айдоо аянтын чегирткелер талкалап кеткен. Бүгүнкү күнү ошол жердеги чегирткелердин жумурткаларынан тазалоо иштерин облустук айыл чарба департаментинин адистери атайын үч техника менен тазалай башташты. Облустук агро бөлүмдүн адиси Койчугул Кудакеевдин «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча ушул эле жерлерде эки жыл мурун чегирткелер каптап, дыйкандарга бир топ түйшүк жараткан. Бул чегирткелер ошол учурда калып калган жумурткалардан чыккан деп божомолдошууда айыл чарба адистери. (UA)

XS
SM
MD
LG