Өкмөт башчы кол койгон токтом менен жактырылган “Жарыяланбаган салык, бажы төлөмдөрүнө жана мүлккө мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоору эми парламентке жолдонот. Мыйзамды экономика жана соода министри Акылбек Жапаров парламентте коргомокчу. Өкмөт буга чейин да көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзамдарды кабыл алган. Бирок алар максатына жетпегенин адистер белгилеген.(AiT)