Шаршемби күнкү кол салуу 20дан ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, 200дөйү жараланган. Өзүн Хакимулла Мехсуд деп атаган согушкерлердин кол башчысы Батыш кабарчыларына маалымдагандай, теракт өкмөттүк армиянын Сват өрөөнүндөгү операциясына жооп катары уюштурулган. Ал ушундай эле кол салуулар Пакистандын башка шаарларында да болот деп айтты.