Бул тууралуу Сауди Арабиянын мунай министри билдирди. Чечим мунай картелине кирген 12 өлкөнүн министрлер жыйынында кабыл алынды. Байкоочулардын баамында, ОПЕК дүйнө экономикасынын оңолушу менен мунайга болгон талап өсөт деп үмүттөнөт. Кара майдын баасы соңку жумаларда 60 долларга жетти.