АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги менен Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк студенттерге каржылык жардам көрсөтүү программасын ишке ашырган жатат. Аларга Борбор Азиядагы Евразия фонду техникалык көмөк көрсөтөт. Бул программа билимге умтулган таланттуу, бирок акы төлөп окууга каражаты жок жаштардын окуусу үчүн акчасын төлөп берип, кийин алардын ишке орношуп, төлөнгөн акчаны кайтарып берүүсүнө шарт түзүүгө багытталган. Каражат жогорку жана атайын кесиптик окуу жайдан билим алгысы келген жаштарга беш жылга берилет, алардын ичинен тандалган студенттерге жеңилдетилген үстөк пайыз менен каражат берүү жагы да каралып жатат. Мындай маалыматты Борбор Азиядагы Евразия фондунан кабарлашты.(BD)