Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:32

БЭКтин курултайы тууралуу кулактандыруулар сыналгыда токтоду


Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Антенн ТВ жана ЭМТВ телеканалдары Бирдиктүү элдик кыймылдын 31-майда Түптө боло турган төртүнчү элдик курултайы тууралуу кулактандырууларды берүүнү токтотту. Мындай маалыматты БЭКтин Караколдогу колдоочусу Сергей Высоцкий билдирди. Анын билдирүүсү боюнча кулактандырууларды токтотууга бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү себеп болгон жана Антенн ТВ телеканалы курултай тууралуу кулактандырууну берүүнү токтотпостон ал болбой калды деген жалган маалымат да таратып жатат. БЭКтин жооптуу катчысы Асанбек Сарыбаев акысы төлөнгөн кулактандыруулар эмне себептен берилбей жаткандыгын БЭКтин Караколдогу штабынын жетекчиси Мукамбет Асаналиев бүгүн териштирээрин билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG