Түндүк Кореянын ушул дүйшөмбүдөгү өзөктүк сыноосунан кийин Сеул менен Пхеньяндын мамилеси чыңалган шартта, кабарларга караганда, Кытайдын балык уулаган кемелери Сары деңизден кетүүдө. Түштүк Кореянын Yonhap жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, Түштүк Кореянын Түндүккө эң жакын турган аралындагы портту Кытайдын ондогон кемелери таштап кетти.
Кечээ Түштүк Корея менен катар АКШ да бул аймактагы аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын күчөтүп, 2006-жылдан берки эң жогорку деңгээлге чыгарган эле. Мунун алдында Түндүк Корея 1950-53 жылкы согушту токтоткон тынчтык келишиминин шарттарын мындан ары карманбай турганын жарыялаган.