Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

Шерали Хамдамовго байланыштуу сот белгисиз мөөнөткө жылдырылды


Өзбекстан атуулу Шерали Хамдамов быйыл февраль айында Бишкекте кармалган. Ага мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн, конституциялык түзүлүштү бузууга үндөгөн жана тыю салынган уюмга мүчө болгон деген айыптар коюлган. “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын билдирүүсүнө караганда, 20 жаштагы Хамдамов качкын статусун алуу үчүн БУУнун качкындар комиссариятында катталган. Анын энеси качкын статусун алып, Канадага көчүп кеткен. Бүгүн Свердлов райондук соту Ш.Хамдамовго коюлган айыптарды кароого киришип, бирок иш кошумча иликтенүүгө муктаж экенин белгиледи. Натыйжада сот белгисиз мөөнөттөргө кийикиге калтырылды.(AiT)

XS
SM
MD
LG