Жарандардын тынч митинг,жыйындарды өткөрүү укугу боюнча мыйзамдын жаңы долбоору иштелип чыгып, Венеция комиссиясына жөнөтүлгөнүн Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жакын арада Акыйкатчы жана Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова чакыруу менен Венецияга барышат. Акыйкатчы ал жерден өздөрү мурда жөнөткөн “Жарандардын тынч митинг, жыйындарды өткөрүү укугу” боюнча мыйзам долбоорун Венеция комиссиясы тарабынан эл аралык стандартта иштелип чыккан мыйзам долбоорун алып келип, жакын арада Жогорку Кеңешке сунуштай турганын билдирди. (AJ)