Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

Нарында Т. Сариев үчүн берилген кол тамгалар шайлоо комиссиясына тапшырылды


Бүгүн Президенттикке талапкер Темир Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Максатбек Дайырбек уулу Нарын облустук шайлоо комиссиясынын алдындагы жумушчу топко 6279 кол тамга тапшырды. «Ак-Шумкар» партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Урмат Акунов талапкер Темир Сариев үчүн облустун бардык райондорунан жана Нарын шаарынан кол тамгалар чогултулгандыгын маалымдады. Чогултулган кол тамгалардын ишенимдүүлүгүн аныктоо боюнча жумушчу топтун төрагасы Теңирберди Мамыткожоев ушуну менен Нарын облусунан президенттикке талапкерлердин үчүнчүсүнөн кол тамгалар келип түшкөндүгүн билдирди. Мурда Жеңишбек Назаралиев үчүн 3649, Курманбек Бакиевге 64 460 кол тамгалар тапшырылып, Ж.Назаралиевге топтолгон колдун 10 К.Бакивдикинен 6,2 пайызы жараксыз деп аныкталган. ((KUs).

XS
SM
MD
LG