Курултай өткөрүү боюнча БЭКтин Ысык-Көл облусундагы штабдын мүчөсү Муканбет Асаналиев 30-майда иш таштоолор болуп атканын “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда Ак-Суу районундагы бардык токой чарба кызматкерлери иш таштады. 31- майда Түптө өтө турган курултайга эркин катышуу үчүн бюджеттен айлык алып иштеген башка кызматчылар жана жумушчулар да иш ташташы күтүлүүдө. (RB)