Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Дүйнө лидерлери Түндүк Кореяны ядролук программасын токтотууга чакырышууда


Кремлдин билдиришинче, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен Жапониянын өкмөт башчысы Таро Асо телефондон сүйлөшүп, Түндүк Кореянын ушул аптадагы ядролук сынагына карата олуттуу чара көрүш керек деп макулдашышты.
АКШ коргонуу катчысы Түндүк Кореянын ядролук куралга ээ болушуна Вашингтон жол бербей тургандыгын эскертти: - АКШнын саясаты өзгөргөн жок. Биз Корея жарым аралынын ядролук куралдан толугу менен жана далилдүү арылышын максат кылабыз жана Түндүк Кореянын ядролук мамлекет болушун кабылдай албайбыз, - деди Роберт Гейтс Сингапурда сүйлөгөн сөзүндө. Ал эми Кытайдын башкы штабынын улук өкүлү Ма Сиа О Тиан региондогу бардык өлкөлөрдү сабырдуулукка чакырды. Пхенян ушул аптада экинчи жолу ядролук бомбасын сынап, 1953-жылы Корея согушунун бүтүшүнө шарт түзгөн элдешүү келишимин четке каккан эле.

XS
SM
MD
LG