30-май күнү кечки саат тогуздарда Таластан келген адамдарды Түп райондук ички иштер органдары кармап суракка алып, эки кичи автобусун камады. БЭКтин лидерлеринин бири Б.Шерниязовдун "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча милиция кызматкерлери аны менен кошо келген балдардын, аялдардын колун толгоп, машинадан түшүрдү. Сурак берип аткандардын арасында Элүүбай Отунчиев аттуу белгилүү инсан да бар.Тергөө органдары аларды 31-майдагы митингге эмнеге келгенин такып сурап атат. Таластыктарга болгон мындай мамиле боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармасынын башчысы Э.Эсеналиев да, Түп райондук милиция начальниги Эрнис Дүйшөнбаев да ачык сөзгө келүүдөн баш тартты.(RB)