Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Түп раймилициясы Б. Шерниязов баш болгон делегацияны артка кайтарды


“Кечээ күнү кечке маал Таластан жана Бишкектен Ысык-Көлдүн Түп районуна барышкан 8 адамды Түп райондук ички иштер органдары кармап суракка алып, эки кичи автобусун камашты. Ак шапкечен жигиттер омуроого алышып, бизди жулмалаганын, алардын мындай орой мамилесин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармасынын орун басары, Түп райондук милиция начальниги, Түптүн акими карап турушту”,- деп билдирди “Азаттыкка” Болот Шерниязов. Ал ошондой эле милиция кызматкерлери “Ата Мекен” мүчөлөрүн “көлгө эмнеге келдиңер?” деп опузалаганын, аларды милиция кызматкерлери менен ак шапкечендер күчтөп унааларына отургузуп, Мамлекеттик авто инспекциянын атайын машинеси менен узатышып, көлдөн чыгарып жиберүүгө аракет жасашканын кабарлады. “Жергиликтүү бийликтин жана милиция кызматкерлеринин зордук-зомбулук аракетине караганда Түптөгү курултай үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бирок элдин эркин мындай күч колдонуу ыкмасы менен майтара албайт”,- деди Болот Шерниязов. Ал эми бул окуянын чоо-жайын билүү максатында Түп райондук, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жана Түп районунун акимчилиги менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG