Түптө бүгүн боло турган курултайга барган «ата мекенчилерди» партия лидери Өмүрбек Текебаевди баш кылып, милиция кармап, күчкө салып Бишкекти көздөй алып келатат. Өмүрбек Текебаев «Азаттыкка» айткан маалыматында, аларды Ак-Суу райондук милициянын начальниги өзү коштоп, күчкө салып айдатып келатканын билдирди. Милиция начальниги «атамекенчилерди» көл зонасынан чыгарып, Бишкекти карай жөнөтүп жиберүү жөнүндө тапшырма алганын айтыптыр. (KCh)