Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

"Азаттыктын" кабарчыларын күч кызматтары Балыкчыда текшеришти


Балыкчы шаарынын экологиялык тосмосунда "Азаттыктын" кабарчыларын МАИ кызматкери менен жарандык кийимчен, жанында тапанчасы бар бир кызматкер тосуп, кайда баратканына, сапардын максатына кызыгышты. Кабарчылар Бириккен Элдик кыймыл уюштуруп жаткан элдик курултайды чагылдыруу үчүн Түпкө баратышкан. Жергиликтүү бийликтин тоскоолдуктарына байланыштуу элдик курултайды оппозиция Балыкчы шаарында өткөрөт деген маалымдашууда деп билдирди "Азаттыктын" учурда Балыкчыда жүргөн кабарчысы. Оппозициянын маалыматына караганда курултайга катышууга барган оппозициялык лидерлерди жергиликтүү бийлик милициянын коштоосунда Караколдон кайра Бишкекке кайтарып жатат. Жергиликтүү бийлик Ысык-Көлдөгү окуялар боюнча маалымат тарата элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG