"Азаттыктын" кабарчысынын маалыматына караганда оппозициячыл маанайдагы жарандардын чогулушуна тоскоолдук кылып, алардын тарашын талап кылган алдуу-күчтүү, жоон топ жигиттердин алдында жарандык кийинип алып, шаардык ички иштер кызматынын башчысы Кандыбек Дегенбаев, ажаан аялдардын башында Балыкчы шаар мэри Талант Өмүркулов жүргөндүгүн жергиликтүү тургундар тастыкташууда. Оппозицияны кууп-таркатуунун себептери жөнүндө бийликтен маалымат алуу мүмкүн болгон жери жок. (BuS)