Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:31

2008-жылы Ош облусунан 58 миңге жакын адам иш издеп сыртка кетти


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган Ош облустук миграция комитетинин төрагасы Данияр Төлөновдун айтымында, былтыр райондордон 58 миңге чукул жаран иш издеп чет өлкөгө аттанган. Атайын сурамжылоонун жыйынтыгында алардын 2000 чактысы гана мекенине кайткандыгы билинди. Булар дагы жыл башынан тартып рынок талабына ылайык жумушчулук кесиптерди үйрөнүп, кайра эле Орусияга кайтышууда. Ошентип, Кыргызстанда ооругандары, чет жерде майып болгондору жана анча-мынча жеке ишкана ачкандары гана калышты. Оштук талдоочулардын баамында, Ата Мекенине кайтпагандардын басымдуулугу - Орусия жарандыгын алгандар. Ошол себептүү бул багытта Кыргыз бийлиги ыраттуу саясат жүргүзбөсө, өлкө калкынын саны барган сайын азайышы күтүлүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG