Иш-чара эртең, балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. Ага социалдык жактан аялуу бир миңден ашык бала катышаары болжолдонуп жатат. Форумдун уюштуруучуларынин билдиришинче, бул иш-чаранын башкы максаты - балдар укугу жааттагы көйгөйлөрдү талдоо, бул боюнча өзүнчө көз карандысыз структура түзүү демилгесин өлкө башчысына жеткирүү эсепетелет. Форум эки бөлүктөн турмакчы, биринчисинде президент баштаган аткаминерлер өлкө балдарын куттуктап сөз сүйлөшөт, экинчи бөлүгүндө майрамдык оюн-зооктор өтөт. (EBM)