Буга байланыштуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда жыйын болуп, анда балдарды майрамы менен өкмөт башчы Игорь Чудинов куттуктайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 1-июнда парктардагы атракциондор балдар үчүн бекер болуп, балдар үйлөрүнө белек-бечкектер тапшырылат. Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акун да бул күнү Панфилов районнундагы жана Бишкектеги балдар үйлөрүнө белегин тапшырмакчы.(AiT)