Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Бишкекте балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди


Ага арналган майрамдык иш-чара ремонту жаңы аяктаган борбордук Ала Тоо аянтында болуп,  эки миңден ашык бала катышты. Балдардын чыгармачылык топтору ыр-бий өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ал эми Кыргызстандын бардык региондорунан келген балдар жасаган буюмдардын "Чыгармачыл бала Кыргызстандын келечеги" деген көргөзмөсү Эмен паркында болду. Анда балдардын колунан чыккан алты жүздөн ашуун кол өнөрчүлүк буюмдары коюлуп, балдар кийиз жасоо, чий түрүү, чопо буюмдарын жасоо боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү. "Асфальттагы сүрөт" деген конкурс болуп, чар тараптан келген балдар "Ата бейит" мемориалдык комплексине жана "Фламинго" балдар оюн-зоок борборуна барышты.(BD)

 

XS
SM
MD
LG