Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Еревандагы жергиликтүү шайлоону бийликтеги партия жеңди

Экинчи орунда коалициянын дагы бир мүчөсү – “Бакубат Армения”, үчүнчү болуп экс-президент Левон Тер-Петросян жетектеген оппозициядагы Улуттук конгресстин талапкери келди. Добуш берүүгө шайлоочулардын 53 проценти катышканы маалымдалууда. Тер-Петросяндын колдоочулары жыйынтыктардын бурмаланганын ырастап, эркин журналисттерди коркутуп-үркүтүүлөр орун алгандыгын айтышууда. Европа Кеңеши менен Европа Биримдигинин байкоочулары шайлоонун өтүшү боюнча өз баасын бүгүн кечинде жарыялашы күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG