Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Ички иштер министринин кызматтан кетирүү талап кылынууда


“Ачык позиция” коомдук уюму тараткан маалыматта Ноокат окуясынын натыйжасында 97 баланын ата-энесинин камкордугусуз калуусуна ички иштер кызматкерлери түздөн-түз күнөөлүү деп айтылат. Мындан тышкары Ноокат окуясы үчүн узак мөөнөткө соттолгондордун арасында эки жашы жете элек бала бар, деп белгилешкен укук коргоочулар бүгүнкү балдарды коргоо күнүндө ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кызматтан кетирүүнү талап кылган кайрылуу менен президентке кайрылышты. Кайрылууда ошондой эле Петровкадагы чатактын чыгышына негиз берген төрт жашар кыздын кордолушуна байланыштуу ИИМ министринин айткан сөзү да белгиленип, мындай жетекчи күч структурасына башчылык кылууга моралдык жактан укуксуз, деп билдиришет кайрылуу ээлери. Ички иштер министринин кызматтан кетүүсүн талап кылган кайрылууга алты бейөкмөт уюм кол койгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG