3-июнда Москвада боло турган жыйынга Кыргызстандан коргоо министринин биринчи орун басары Аскарбек Жапаров катышат. Жыйындын күн тартибинде 20га жакын маселе бар. Анын ичинде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ыкчам аракеттенчү күчтөрүн түзүү маселеси бар. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. ЖККУнун коргоо министрлеринин жыйынынан кийин тышкы иштер министрлери, коопсуздук кеңештин катчылары жыйналат. 14-июнда болсо мамлекет башчыларынын саммити белгиленүүдө.(AiT)