Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдоосуна караганда, мыйзамга жана БШКа белгилеген календарлык планга ылайык 2-июнда президенттикке талапкерлер облустук шайлоо комиссияларына өз пайдасына топтогон колдорду тапшырып бүтүш керек. Бул күнү кол топтоо да токтотулат. Талапкерлер топтогон колдорду облустук шайлоо комиссиялары беш күндүн ичинде текшерип, өздөрүнүн чечимин чыгарыш керек. (AiT)