Ушул жылдын 16-июнунда Кыргызстандын биринчи мамлекет башчысы-1925-жылы түзүлгөн Кыргыз Автоном облусунун аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун туулган күнүнүн 120 жылдыгы белгиленет. Абдыкадыр Орозбеков азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Охна айылында 1889-жылы туулган. Жаш кезинен Фергана өрөөнүндөгү ишканаларда иштеп, орус, өзбек тилдерин жакшы үйрөнүп, большевиктер партиясына 1918-жылы кабыл алынган. 1922-жылы Маргалан шаардык-уезддик аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Кийин 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи түзүлгөндө Борбордук аткаруу комитетинин, 1936-жылы Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган.1937-жылы камакка алынып, сегиз айдан кийин өлтүрүлгөн. Абдыкадыр Орозбековдон Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагасы болгон Исхак Раззаков, Өзбек ССРинин Министрлер советинин төрагасы болгон Азиз Токтобаев, Кыргыз ССР Министрлер советинин төрагасы болгон Төрөбай Кулатов үлгү алган шакирттери болгон.(BD)