Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Москва районундагылар ачкачылык акциясын токтотушту


Бул тууралуу "Азаттыкка" азыр камакта жаткан Сапар Аргымбаевдин иниси Азиз Аргымбаев билдирди. Анын айтымында, 26-майдан бери ачкачылык жарыялап олтурган 78 жаштагы энеси Уулболсун Аргымбаеванын саламаттыгы кескин начарлагандыгына байланыштуу акциясын бүгүнтөн тарта токтотуу чечимине келишти. Бирок камактагылар боштондукка чыгарылып, саясий куугунтук токтотулмайын нааразылык акцияларынан баш тартпайбыз деген ниетте турушат.Азиз Аргымбаевдин билдирүүсү боюнча, ачкачылык жарыялаган тургундар азыр мындан ары кандай аракеттерди көрүп, кандай акцияларды өткөрүүнү талкуулап жатышат. Москва районунун борбору Аксуу шаарчасынын сегиз тургуну 26-майда Петровка чатагы боюнча камакка алынган "Болуш" уюмунун төрагасы Сапар Аргымбаевди, "Жашылдар" партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди жана БЭКтин лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловду абактан бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялашкан.(BD)

XS
SM
MD
LG