Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:25

Ош, Баткен облустарында сел жүрдү


Кечээ түштөн кийин Ош облусунун Ноокат менен Кара-Сууда райондорунда сел жүрүп, Ноокаттагы Күнгөй-Кожоке, Чеч-Дөбө деген айылдарда үч үй суу астында калып, бир нече жерде суу дамбаларын агызып кетти. Кеңеш жана Кыргыз-Ата айылдарындагы бир көпүрө бузулуп, 7 үйдү суу каптады. Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында 16 үй чарбактары менен кошо суу астында калып, Машрап-Сайдагы киши өтүүчү көпүрө бузулду. Катта-Талдык деген айылда 5 үй бузулуп, бир чакырымдай жолду суу жууп, бир уй менен он чакты койду кошо агызып кетти. Ош-Кара-Сөгөт автожолунун жыйырма чакырымдай жери сууга жуулуп, азыр Кара-Сөгөт-Папан жолу жабылды. Ал эми Баткен облусунун 8 айыл өкмөтүнүн аймагында сел жүрүп, Исфана айыл өкмөтүндө 6 огородду, Андарек, Сары-Дөбө, Сумбула айылдарында арыктарды бузуп кетти. Кыштуут-Таян айылындагы сугат тармактары бузулуп, электр тармактар зымдарын кыйратты. Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу жана материалдык чыгымды эсептөө аракеттерин көрүп жатат. (BD)

XS
SM
MD
LG