Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:04

Президенттик администрациянын тышкы байланыш бөлүмү билдирүү таратты


Анда Кыргызстан Ооганстан менен Пакистандагы кырдаалга көз салып, Ооганстанда тынчтыкты калыбына келтирүүгө кызыкдар экендиги айтылат. Бул маселе жакында Түркиянын президенти Абдула Гүл Бишкекте болгон кезде эки президент талкуулаганын жана түрк президенти Курманбек Бакиевдин Борбор Азия регионунда коопсуздукту сактоого багытталган дайыма иштечү эл аралык конференцияны Бишкекте уюштуруу демилгесин колдогондугу баса белгиленген. Андан тышкары Ооганстандагы кырдаал жана Пакистанда ар кандай экстремисттик топтордун аракеттери тынчсыздантып жаткандыгы айтылган. Бирок антитеррорчул коалициянын Ооганстандагы абалды турукташтырууга пайдаланылган Кыргызстандагы “Манас” авиабазасынын тагдыры тууралуу билдирүүдө эч нерсе айтылган эмес.(BD)

XS
SM
MD
LG