Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

“Ош-Электронун” алтымыштан ашуун кызматкери иш ташташты


Жумуш таштагандардын тобу «Азаттыкка» билдиргенине караганда, аталган коомдун башкы директору Доскул Бекмурзаев жердешчиликке, тааныш-билишчиликке ыктап, Ош шаарындагы энергия өндүрүү ишканасынын жаш жетекчилерин кызматынан жүйөөсүз бошотту. Мындан тышкары каржы кризисине шылтоолоп маяна төмөн, бирок ал дагы убагында тийбейт. Ошондой эле карамагындагыларга адамча мамиле жасабайт. Иш таштоо жарыялагандар Бекмурзаев кызматынан кетмейинче, акцияны улантышаарын билдиришти.

«Ош-Электро» ишканасынын жетекчиси Доскул Бекмурзаев болсо жумушка чыкпагандардын талабын четке кагып, алар менен комиссия иштеп жаткандыгын, ишин негизсиз таштагандарга карата катаал чара көрүлөөрүн ачыктады. (ATo)

XS
SM
MD
LG